Ош-Бишкек жолунда унаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынын аймагында жүргүзүлдү.
"14 унаа токтотулуп, алардын төртөөсүнөн чыккан зыяндуу газдардын көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталды. Натыйжада төрт айдоочуга протокол түзүлүп, жалпы 30 миң сом айып пул салынды",- деп билдирди министрлик.