Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ИДПга карата үлүшү 38,5 пайызга түштү (видео)

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ички дүң продукцияга (ИДП) карата катышы 2020-жылдагы 63,6 пайыздан 2025-жылы 39,5 пайызга чейин төмөндөгөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 38,5 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети 2030-жылга чейин мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышын азыркы деңгээлден жогорулатпай кармап турууну көздөп жатат.

"Негизги милдет - мамлекеттик каржынын туруктуулугун сактоо жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу",- деди өкмөт башчы.

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ИДПга карата үлүшү 38,5 пайызга түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан