Биз социалдык тармакта

Камила Талиева Медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин маалыматын сынга алды (видео)

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисин депутаттарга так эмес маалымат берип жатат деп сынга алды.

"Бул жерде бир сабатыз чөйрө отурган жокпуз да. Фонддун жетекчиси каратып туруп сандарды туура эмес айтып жатат. Бүт статистиканы карап отурабыз биз. Дастан Бекешев сизди жөн эле алдап жатат. Саламаттык сактоо министрлиги отурасыңар, сандар боюнча маалымат туура эмес берилип жатат. Депутаттарга так сандарды айтып, маалымат берсеңиздер",- деди Талиева.

Эл өкүлү кайсы маалыматтар так эместигин белгилеген жок.

Ошондой эле ал депутаттарды министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө суроо берген соң, жоопторун дыкат угууга чакырды.

Камила Талиева ММКФ жетекчисин туура эмес маалымат бергени үчүн сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан