Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарында саат 11:00 чамасында Исакеев жана Оберон көчөлөрүнүн кесилишиндеги мектептин жанында Honda Accord, Hyundai Sonata жана Toyota Caldina үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Toyota Caldina унаасынын айдоочусу экинчи жолдон Оберон башкы көчөсүнө чыгып бара жатып, негизги жолдо бараткан унааларга жол бербей койгон. Натыйжада Honda Accord жана Hyundai Sonata унаалары менен кагылышуу орун алды.
Жол кырсыгынын кесепетинен үч унаанын жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилгени маалым болду.
Үч унаа тең айып аянтчасына киргизилип, жол кырсыгы боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Териштирүү уланууда.