Биз социалдык тармакта

Бишкекте жол тескөөчүсүн унаасынын капотуна сүйрөгөн айдоочуга кылмыш иши козголду (видео)

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторду унаасынын капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуяга байланыштуу 1991-жылы туулган К.С. аттуу айдоочу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Ал башкарган Тойота Королла үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-пункту (Бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоо милдетин аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө уланууда.

Бишкекте инспекторду унаасынын капотуна сүйрөгөн айдоочуга кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан