Казакстандык окумуштуулар Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарларынын бирине тургузууну сунушташты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган демилге 17-ноябрда Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы улуттук университетте өткөн илимий конференцияда айтылды. Анда Жусуп Абдрахмановдун 1932-жылы ачарчылыкта калган жүз миңдеген казактарды сактап калуудагы эмгеги белгиленди. Конференцияга кыргызстандык тарыхчылар жана актёр Азиз Бейшеналиев да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тарых илимдеринин доктору Болотбек Абдрахмановго тарыхый репрессияларды изилдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстан Көркөм академиясынын алтын медалы тапшырылганы маалымдалды.