Биз социалдык тармакта

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн өз алдынча жасап алгандарда көйгөй жаралууда

Бишкектин Куруучулар шаарчасында жашаган тургундардын кайрылууларына байланыштуу тиешелүү органдын адистери ички жылытуу түйүндөрүнө текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылуулук менен камсыздоонун жетишсиздигине тургундар тарабынан жылытуу түйүндөрүнө өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизүү себеп болгону аныкталды.

"Түтүктөрдүн ичкертилиши, жылуулуктун нормалдуу айлануусуна тоскоолдук жараткан кошумча бурулуштар жана туташтыруулар аныкталган. Мындай өзгөртүүлөр жылытуу системинин режимин бузуп, натыйжада жылуулук имарат боюнча бирдей бөлүштүрүлбөй, айрым бөлмөлөргө керектүү көлөмдө жылуулук жетпей калат. Эми имараттын инженердик тармактарын долбооруна ылайык келтирип, аныкталган көйгөйдү жоюу зарыл",- деп кошумчаланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан