Кечээ, 18-ноябрда социалдык тармактарда балбан Акжол Махмудовдун көк бөрү ойногону тартылган видео тарады. Балбан улакты бир колу менен көтөрүп тай казанга таштаганын көрүүгө болот.
"Бүгүн көк бөрү ойноп, өзгөчө эмоция алдык. Улуттук оюндарыбыздын орду биз үчүн ар дайым өзгөчө. Мындай мурастарыбызды сактап, даңазалап жүрүү чоң сыймык. Улуттук баалуулуктарыбызды унутпай, кийинки муунга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз",- деп билдирди балбан.