Бишкекте электр велосипеддин аккумуляторлорун уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына тургун арыз менен кайрылып, белгисиз адам анын электр велосипединин аккумуляторун уурдап кеткенин билдирген.
"Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү аныкталып, 1991-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалды. Бул факт боюнча жаранга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келтирилген чыгым 40 миң сомду түздү. Учурда анын электр велосипеддерин жана аккумуляторлорун уурдоого байланышкан башка фактыларга да тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө иштери уланууда",- деп кошумчалады мекеме.