Биз социалдык тармакта

Суусамырда мектептин китепканасы жана бала бакча өрттөнүп жатат (видео)

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында мектептин китепканасы жана бала бакча жайгашкан имарат өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу видео жарыялады.

Анын маалыматына караганда, имаратта китепкана жана бала бакчадан тышкары, буфет да жайгашкан. Өрт катуу тутанып, жалын имаратты каптаган.

Колдонуучунун айтымында, өрт чыккандан бери эки саат өтсө да, ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жерге келише элек.

Өрттүн себептери азырынча белгисиз.

Суусамырда мектептин китепканасы жана бала бакча өрттөнүп жатат (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан