Бүгүн, 19-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамп Кытайда өтүп жаткан АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Кремль билдирип, жолугушуу пайдалуу жана мазмундуу болот деген үмүтүн артты.
"Биз бул жолугушууну чыдамсыздык менен күттүк. Бири-бирибизди көп жылдан бери тааныйбыз. Бүгүн жолугуп, жемиштүү сүйлөшүү өткөрөбүз деп үмүттөнөм. Андан кийин экинчи жолугушуу пландалган. Жакшы жыйынтык болот деп ишенем", - деди Трамп жолунушууда.
Сүйлөшүүгө Орусия тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров, каржы министри Антон Силуанов жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышууда. АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана каржы министри Скотт Бессент бар.
Жолугушууда негизги көңүл Украинадагы кырдаалга бурулушу мүмкүн. Ошондой эле Иран маселеси да талкууланары айтылды.