Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда каршы тилкеге чыгып, унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин мызамсыз караңгылаткан чет өлкөлүк айдоочуга чара көрүлдү.
Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда маалымдагандай, айдоочуга 35 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короого киргизилди.