Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана коңшу өлкөлөргө ташууга байланыштуу УКМК кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Ага ылайык, кылмыш ишинин алкагында 1989-жылы туулган М.М. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.
"Тергөө учурунда жалпы салмагы 7,2 килограмм болгон өсүмдүктөн алынган баңгизаттар табылды. Мындан тышкары, сырттан келген адамдарды баңгизат ташуучу курьер катары пайдалануу үчүн даярдалган, жалпы салмагы 25,8 килограмм болгон баңгизаттардын муляждары аныкталды",- деп кошумчалады коопсуздук кызматы.
Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.