Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы №64 мектептин жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин жана турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.
"Жаңы мектептин жалпы аянты 6846 чарчы метрди түзүп, 800 орунга ылайыкталган имарат үч кабаттан турат. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Мектепте предметтик кабинеттер, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана заманбап спорт зал жайгашат",- деп кошумчалады мекеме.