Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлиги Кызыл-Ойдо мектептин өрттөнүшү боюнча маалымат берди

Агартуу министрлиги Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн жалпы билим берүү мекемесинде чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, өрт чыккан имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген эки тайпалуу бала бакча жайгашкан. Өрт эртең менен балдар келе электе чыккан.
"Китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, өрт чыккан учурда китепканада окуу китептери болгон эмес. Бала бакчанын эмеректери сакталып калган",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-ноябрда болжол менен саат 08:00дө мектептин эски имаратында өрт чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, өрт саат 10:20да чектөөгө алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан