Индиянын түштүгүндөгү Керала штатынын бийлиги 26 миң үй канаттуусун жок кылууну буйруду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Аллаппужа аймагындагы фермалардан бөдөнөлөрдөн, өрдөктөрдөн жана тооктордон куш тумоосу тастыкталды. Учурда вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн ыкчам чара көрүүчү алты топ жөнөтүлүп, андан тышкары, дагы эки топ даярдыкта турат.
Эске салсак, куш тумоосу - Н5N1 вирусу өтө жугуштуу жана оор илдет болуп эсептелет. Айрым учурларда ал адамга да жугушу мүмкүн.