Ташкент шаарынын Яшнабад районунда укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз колл-борбор аныкталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, анын катышуучулары Европа өлкөлөрүнүн жарандарына жасалма документтерди даярдоо, трейдинг жана криптоактивдер менен иштөөнү үйрөтүү кызматтарын сунуштап, ишенимине киргенден соң алардын каражаттарын өздөрүнүн электрондук капчыктарына которуп алышкан.
Тинтүү учурунда 8 ноутбук, 58 уюлдук телефон жана 3 компьютер алынган. Ошондой эле топтун алты мүчөсү жалпы суммасы 203 134 доллар (болжол менен 17 миллион сом) өлчөмүндөгү криптоактивдердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө катышкан.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.