Кытай, Монголия жана Орусияны байланыштырган эл аралык жүргүнчүлөр поезди 25-ноябрдан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, поезд эки багытта тең жумасына бир жолу каттайт.
Поезд Пекин шаарынан чыгып, Улан-Батор аркылуу Иркутск шаарына чейин барат. Маршруттун жалпы узундугу 2,6 миң чакырымды түзүп, жол жүрүү убактысы 55 саатка созулат.

Поезддин курамында купе вагондору, жогорку ыңгайлуулуктагы вагондор, ресторан жана электр станциясы бар. Бардык вагондор кондиционер менен жабдылган.
Учурда Пекинден жөнөгөн поездге билеттерди темир жол бекеттериндеги кассалардан гана сатып алууга болот.
Жаңы каттам үч өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.