Биз социалдык тармакта

Instagram жарыялангандан кийин тарыхчаны 15 мүнөттүн ичинде түзөтүүгө уруксат берди

Instagram социалдык тармагы жарыялангандан кийин тарыхчаны өчүрбөстөн түзөтүү мүмкүнчүлүгүн киргизди. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.

Instagram жетекчиси Адам Моссери билдиргендей, эми колдонуучулар жарыяланган тарыхчанын текстин оңдоп, музыканы өзгөртүп, стикерлерди жана сүрөттөрдү түзөтө алышат. Бул үчүн 15 мүнөт убакыт берилет.

Жаңы мүмкүнчүлүктүн жардамы менен стористи өчүрүп, кайра жарыялоонун зарылдыгы жок. Анткени түзөтүү учурунда көрүүлөр, жактыруулар жана жооптор сакталат.

Тарыхчаны түзөтүү үчүн жарыяланган окуяны ачып, экрандын төмөнкү оң бурчундагы үч чекитти басып, Edit Story бөлүмүн тандоо керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан