Биз социалдык тармакта

Трамп Украинадан Орусия менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн жеңилдиктерди талап кылууда

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Киевден Орусия менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн жеңилдиктерге барууну талап кылууда. Бул тууралуу Financial Times гезити төрт маалымат булагына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Вашингтон Украина тынчтык келишимин январдын башына чейин түзүшүн каалайт. Буга АКШ Конгрессинин эки палатасында тең демократтардын көпчүлүккө ээ болушу себеп болууда.

Басылманын булактары билдиргендей, АКШ администрациясы украин жана европалык аткаминерлерге январга чейин келишим түзүү зарылдыгын билдирген. Ошондой эле Вашингтон Киевге басым жасап, айрым маселелер боюнча жеңилдиктерге барууга үндөп жатат.

Буга чейин, 12-ноябрда, Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан