Өзбекстанда банк кызматкери насыясын өндүрүү үчүн кардары менен чогуу иштеди. Видео социалдык тармактарга тарап, автор мындай көрүнүштү биринчи ирет көрүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, эркек киши күнүмдүк тиричилигин самсы жасап, сатуу менен өткөрөт. Анын абалын билген банктын кызматкери кардарынын иштеген жерине барып, ишине көмөктөшүп, киреше табуусуна жардам берди.
Колдонуучулар адамга кысым көрсөтүүдөн көрө, колдоо жана түшүнүү маанилүү экенин белгилешүүдө.