Бишкек шаарынан "Манас" эл аралык аэропортуна чейинки жол тилкесинде инфраструктураны жакшыртуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлдү. Буга чейин жарандар тарабынан жарыктандыруу боюнча көптөгөн даттануулар айтылып келген.
"Аэропортко бара жаткан жол оңдолуп, жарыктандыруу системасы жаңыртылып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштери аткарылды. Бир тилкеге бийик бойлуу 6 миң көчөт отургузулду. Ушундай эле жол инфраструктурасын жакшыртуу жана көрктөндүрүү иштери Лебединовка жана Новопавловка айылдарында да улантылат", - деп кошумчалады мекеме.