Биз социалдык тармакта

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашы: Мурдагы аскер кызматкерлери камалды

Бүгүн, 21-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Куралдуу Күчтөрүнүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы командири Кылычбек Айдаралиев жана авиабаза (№ 23565 аскер бөлүгү) мурдагы командири Данияр Давитахунов 19-декабрга чейин камакка алынды. Бул туурлуу Биринчи Май раондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (Учуу же ага даярдануу эрежелерин бузуу) боюнча айыпталууда.

Эске салсак, 2024-жылдын январь айында Ми-8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап, кырсыктан бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан