Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Ташкент шаарында өтүп жаткан, жаштар арасындагы дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Бул тууралуу федерациядан кабарлады.
Маалым болгондой, 90 килограмм салмакта күч сынашкан дзюдочу мелдештин жүрүшүндө беш атаандашын катары менен жеңип, финалга жолдомо алды. Ал акыркы жарым финалда грузиялык атаандашын утуп, эми Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы үчүн күч сынашат.
Белгилей кетсек, буга чейин кыздар арасындагы беттеште Жанар Жолдошева финалга чыгып, күмүш медалга ээ болгон.