Советтик мамлекеттик ишмерлер Никита Хрущёв менен Леонид Брежневдин жеке котормочусу болуп иштеген Виктор Суходрев 82 жаш курагында дүйнө салды. Муну бүгүн, 16-майда орусиялык ММКлар жарыялашты.
Котормочу өз убагында Михаил Горбачёв менен да иштешкени белгилүү. Суходрев иштешкен чиновниктеринин ичинен макалдата жана тамаша аралаштырып сүйлөгөн Хрущёвдун айткандарын которуу кыйынчылык жаратарын моюнга алган. Хрущёвдун айтылуу "Биз силерди көмөбүз" деген фразасын да Суходрев которгон. Бул сөз 1956-жылдын 18-ноябрында батыштык элчиге даректелген. Социализмдин эффективдүүлүгүн даңазалаган учкул сөздүн толук варианты мындайча: "Силерге жагабы, жакпайбы, бирок тарых биз тарапта. Биз силерди көмөбүз".