Чүй районунун Искра айылындагы өрттүн кесепетинен 16 үй-бүлө үй-жайсыз калды. Учурда алардын айрымдары өрт болгон үйдүн жанындагы №61-лицейдин жатаканасынан орун алышса, айрымдары туугандарыныкына жайгаштырылды. Көпчүлүгү керектүү документтерин гана алып калууга үлгүрүшкөн. Үй оокаттары толугу менен күйүп кетти.
“1,5 жылдан бери ушул жерде жашап, тиричилик кылчу элек. Түндө кошунабыз кыйкырып, “өрт болуп жатат” деди. Ошол учурда документтерибизди гана алганга жетиштик. Калган оокаттардын баары күйүп кетти”,- деди өрттөнүп кеткен турак үйдүн жашоочусу Самарбек Султаниязов.
Ал эми аталган райондун акиминин биринчи орун басары Садык Исагалиев комиссия түзүлүп, тактоо иштери башталганын билдирди.
“Учурда келтирилген чыгым такталууда. Жабыркагандарга колдон келген жардамдар берилет”,- деди.
Эске сала кетсек, бүгүн, 20-майда саат 01:58 чамасында Чүй районунун Искра айылында өрт кырсыгы катталган. Анда жыгачтан курулган 2 кабаттуу үй толугу менен күйүп кеткен. Ал жакта 16 үй-бүлө жашачу.