“Массалык маалымат каражаттары Бажы биримдигине кирүү боюнча бир жактуу маалымат берип жатышат”,- деди бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында активист Алмаз Тажибай.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү демократиянын негизги баалуулуктары тепселенип жатат. “Бизге азыр Акаевдин жана Бакиевдин учурларында болгон зордук көрсөтүлүүдө. Биз кечээ, 20-майда Ак үйдүн астында өзүбүздүн пикирибиз менен бөлүшүп жаткан элек. Ошол себептен милиция кызматкерлери бизди алып кетишкен”,- деди активист.
"Кыргызстанда жалпысынан Бажы биримдигине кирүүгө каршы болгондордун саны 3 миңден ашык. Бардыгыбыз интернеттеги социалдык тармактар аркылуу байланышып, талкууларды жүргүзүп жатабыз. Биздин курамыбызда жеке ишкерлер, партиялардын мүчөлөрү, студенттер бар. Парламент биздин пикирибизге көңүл бурбай жатат",- деди Тажибай.
Эскерте кетсек, кечээ, 21-майда Алмаз Тажибайды милиция кызматкерлери Биринчи Май РИИБине алып кетишкен.