Бишкекте “Мая-шоу” социалдык бий мектебинин 1 жылдык мааракеси белгиленет

19-январда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы “Мая-шоу” социалдык бий мектебинин 1 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу аталган мектептин жетекчиси Майя Тилебалиева билдирди.

 “Бул кадимки социалдык долбоор. Мында оорудан кийин дарыланып жаткан оорулуулар да бийге катышышат. Мектептен 7 жаштан 60 жашка чейинки адамдар Сальса, Бачата, Меренге бий кыймылдарын үйрөнүшөт. Бул бий кыймылдары башка бийлерден жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Ар бири эки-экиден жуп болуп бийлешип, кезек-кезеги менен жуптар алмашып турат. Бул аракет бийчилерди бири-бири менен таанышууга, баарлашууга чоң өбөлгө түзөт”,- деди Тилебалиева. 

Айта кетсек, бул бий мектебинин окуучулары Бишкекте өткөн “Жөө жүрүш”, “Ачык аба” өңдүү коомдук иш-чараларга катышып, өнөрлөрүн элге тартуулап келишет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан