"Кочкор районунда аяш атасы тарабынан зордукталды" деп жаткан кыздын атасы милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Нарын облусунун Кочкор айылында Ш.К. аттуу тубаса дудук кыздын боюнда болуп калган. Качан анын курсагы чоңоюп баштаганда Жылдыз аттуу жеңеси ооруканага алып келип, анын 7,5 айлык боюнда бар экенин аныкташкан.
Буга чейин кыздын жеңеси милиция кызматкерлерине тубаса дудук кыз Н.К. аттуу аяш атасы тарабынан зордукталганын айтып арыз жазган. Бирок кыздын атасы бул жалган маалымат экенин айтып чыккан. Ошондой эле досу андай нерсеге барбастыгын билдирип, тосмо арыз жазган. Мындан улам иш токтотулган.
Белгилүү болгондой, жакынкы убакта зордукталды деп жаткан кыздын атасы кайрадан милицияга өзү арыз менен кайрылып, Н.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Учурда аталган фактынын чоо-жайы иликтенүүдө.