Орусиянын Тергөө комитети Мээрим Арунованын метродогу кырсыктан көз жумганын ырастады

Бүгүн, 16-июлда Орусиянын Москва шаары боюнча Тергөө комитети 1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны Мээрим Арунованын метродогу кырсыктан улам каза болгонун ырастады. Буга чейин шаардагы №1-өлүкканага Кыргызстандын жараны алынып келингени жана маалыматты тактоо үчүн КРнын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү өлүкканага жөнөп кетишкени айтылган эле. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Азыркы тапта "Жүк-200дү" мекенине алып кетүү, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн элчилик маркумдун Кыргызстандагы туугандарын күтүп жатат. Кырсыктан улам жабыркагандардын жана каза тапкандардын акыркы тизмеси чыгарыла элек. Бул боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар экенин маалымдаган. Кырсыктан жаракат алган кыргызстандык Медербек Марасулов жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
kuba-kj
2014-07-16 22:25:17
Москвада кыргыздарга кызмат отогон адвокаттар бар экен, омуру ишим тушпогон адамдарга бир кун кайрылып, кенеш сурайын дегем. 500 р. Дейт, анда жакшы калгыла деп бурулсам эмне болду эле дейт, силердин созунор акча тура десем ундобой калып калды.
+2
kuba-kj
2014-07-16 22:28:52
Айтайын дегеним туугандар, Кудайым ден соолугубузду бекем кылып боодо кырсыктан сактаса биродон умут кылыштын кереги жок. Айрыкча кыргыздарга услуга корсоткон КЫРГЫЗДАРГА кунун тушпосун. Кудайым баарыбызга тынччылык берсин.
+3
nurkasym-2014
2014-07-16 22:36:02
ХХХ ХХХ ХХХ... Эртен м-н бул кырсыкта Кыргызстандыктар жок экен деп берип аткансынар.Туштон кийин болмок тугул каза болуп чыгып атат.
0
nurbolot122
2014-07-16 23:14:07
nurkasym-2014, сен бир кызык адам экенсин озу кырсык болуп атса, андан да адамдарды эвакуация кылып атса маалыматты так бербейсинерби дейсинда, жаракат алып олгондордун сагы саат сайын осудоого коруп атасын
+1
semakg
2014-07-17 03:36:05
nurbolot122, Элчилик эртелеп эле Кыргыз жараны жок деп жар салбай маалыматты бир аз тактаса болмок издеп караштырып, же болбо азырынча маалымат жок тактап жатабыз дебейби, тим эле барып карап келгенсип кыргыз жараны жок деп жар салышкан, кантип жок болсун ар бир вагондон созсуз 2-3 кыргыз коросун. Ушул жерден эле билинет элчиликтин кандай иштегени, Собянин журду ошол жерден биздин элчиликтенда барып сураштырып списоктон карап жаракат алгандар болсо конул айтып ал акыбалын сурап койсо кудай алдын
0
semakg
2014-07-17 03:40:42
алдындада сооп болмок, созсуз эле материалдык жардам керек эмес, аны бербейсинер деле. Эми компенсацияны орус туугандар толоп берселе болду, а то алар чет олколук жарандарга толобой коюшчу, бир жылы ресторан жарылгандада толонот деп жатып кийин окуя тынчыгансон чет олколукторго толбойт деп чыгышкан эле.
0
Tagdyr
2014-07-17 09:24:43
nurkasym-2014,
Кабарды окуп жатканда дата, убагын деле карап койсон э дос. Кырсык болгондо КРлыктар жок деп жатышкан. Кийин каза болгондордун саны улам осуп жатты. Кийин гана билинди да канча адам каза болуп, канчасы жаракат алганды. Внимательный болуп алып, анан башкаларга доомат койсок.
0
admin_portal
2014-07-17 09:26:17
nurkasym-2014 - азырынча оозеки эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
rozka
2014-07-16 23:15:48
Окунучтуу эми ата энесине туугандарына куч кубат берсин кыйналышпай алып кетип калышсын )))
+2
Lumia-800
2014-07-16 23:20:56
Байкуштар кайдан билсин андай болоорун.
0
samar55
2014-07-16 23:34:50
Жакшы тилек менен иштеп акча таап кетейин деп келген коптогон мигранттардын катарында эле минтип боодо кырсыктын айынан кулгундой жаш кезинде кете берди ...Ал эми элчиликтен жардам куткончо крдагы коншунан жардам кут.Атамбаев мээси иштесе москвадагы мигранттардан сураш керек эле элчилик кандай иштеп атат деп.Тилеке каршы андай иш кылаары тушко да кирбей калды го.деги сак аман эсен журолучу мекендештер.
+5
jora.kg
2014-07-17 01:12:28
Жаткан жери жайлуу болсун.Кудайым бешенеге эмне жазса ошону коробуз, бирок сактыкка кордук жок дегендей сак бололу аман бололу.ботон жерде ботон элде жаман кырсыктардан Кудайым озу сактасын!
+2
wwwww
2014-07-17 01:28:00
Ар дайым олумго даяр журолу, озубуз учун пайда .
0
ulanamirbekov
2014-07-17 01:51:15
компенсация төлөнөт деген элего, башака өлкөнүн жарандарына төлөнбөйт бекен?
0
admin_portal
2014-07-17 09:19:44
gapar82 - оозеки эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aszyma
2014-07-17 13:49:28
Ии байкуш Кудай сактасын кутулбогон кырсыктан. Мээримдин боюнда да бар экен эле.
0
AIZAD
2014-07-17 23:06:12
aszyma, кечиресиз, боюнда бар экенин кайдан билдиниз? Омурлук жолдошу каякта болду экен?
0
Ailyna
2014-07-17 14:36:43
Жаткан жери жайлуу болсун.Аман эсен эле Кыргызстаныбызга жетеличи туугандар.
0
Kypkyrgyzz
2014-07-17 17:02:12
Жайы жаннаттан болсун,уйундогулорго сабыр тилейм!
Урматтуу супер инфо ТИМдин башчысын редакциянарга чакыра аласыздарбы ушундай суроолор боюнча баарлашат елек посольдор кандай иштеп атканын айтат елек,бир кишиге жарытып жардам бергенин коро елекпиз,консулдагы юристерге ишин тушпосун да,омуру кармай елек акчаны айтышат!
+1
eliz-an86
2014-07-18 00:57:41
Озунун жарандарына эч бир жардамы тийбеген посольствону жаптырыш керек.
+3
Nuraiym9494
2014-07-18 12:24:59
Jatkan jeri jailuu bolsun.Men kichinemen ele Moskvadamyn myndai okuylar bolot no elchilik aman ele bolsun Prezidentibiz uwul jakka konul burup koiso abdan jakwy bolmok.Uwuncha jyl jurup ukkan emesmin elchilik jonundo jakwy soz
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан