“Кара жорго” бий тобунун жетекчиси Кубаныч Эсенбаев жана топтун бийчилери Асел Касмакунова, Элмурат Майрамбеков КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин колдоосунда жарыяланган “Кыргыз эл бийи” сынагына катышат. Алар кыргыз элине таандык “Ийин”, “Сынма” бийлерин изилдеп, жаңы бий кыймылдарын жаратуу менен өзгөчө даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына билдиришти.
Мындан тышкары сынакка катышуу үчүн режиссёр Эрнест Абдыжапаров да ыр жаздырып жатса, булбул үндүү Айжамал Кабылова белгилүү акын Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган “Биймерген” деген аталыштагы чыгармасын жаздырып, азыр бий клибин тарттыруу алдында турат.