Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековду бошотуу боюнча соттук чечимди негизсиз деп тапты

Башкы прокуратура депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин негизсиз деп таап, ал жактоочу тараптын өтүнүчүнүн негизинде гана кабыл алынганын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

“2013-жылдын декабрь айынан тарта А.Келдибеков билип туруп тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук жасагандыгын сот эске албай койгон. Медициналык документтерде А.Келдибековдун республиканын аймагында дарылануусуна мүмкүн эмес экендиги тууралуу корутунду да чыгарылган эмес. Мындан тышкары сот өзүнүн чечиминде Келдибековдун чет өлкөдө канча мөөнөткө болууга мүмкүн экендигин белгилебей койгон. Мындай нерсе ага соттук процессти узартууга негиз берет,- деп түшүндүрдү Башкы прокуратура. 

Мындан тышкары бул мекеме тиешелүү сунуш Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөндүгүн баса белгиледи.

Эске салсак, үч күн мурун, 1-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 айдан бери тергөө абагында жаткан Ахматбек Келдибековду сот залынан бошотуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан