Баткендеги Максат айылынын эли чек арадагы ок атышуудан кооптонуп, жаш балдары менен аялдарын башка жактарга көчүрүүдө

Баткендеги Максат айылынын эли чек арадагы ок атышуудан кооптонуп, жаш балдары менен аялдарын башка жактарга көчүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына Лейлектеги Кулунду айылынын тургуну Шайырбек Орозалиев билдирди.  

Айтымында, кечээ, 25-августтагы кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан кооптонуп, 5-6 үй-бүлө жакынкы айылдарга түн жамынып чыгып кетишкен.

Ок атышуу айыл элин түйшүккө салып, кооптонтуп жатат. Ок атышуудан чочулашып, аялдар жаш балдарын алып түндө чыгып кетишиптир. Абал турукташканда кайра кайтып келишет”,- деди Орозалиев.

Айта кетсек, Лейлек районунун Кулунду айылынан Максат айылына баруу үчүн Тажикстандын чек арасын кесип өтүүгө туура келет. Мындан улам Кулунду – Максат унаа жолу курулуп жаткан болчу. Кечээки окуя да аталган унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунан улам келип чыккан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tolkun85
2014-08-26 14:01:30
качанга чейин коркуп жашайт чек арага жакын жайгашкан элдер!
+1
bektursun2010
2014-08-26 14:17:10
чек ара такталмайн уулана берет атышуулар бугун кеч кандай болот кудай сактасын эми.
0
AK-47.
2014-08-26 14:30:25
Биздин депутат, министирлердин АШАнын уй булосун ошол жерге кочуруп барып койсо кандай болор элэ аа. Ошондо чилдин балдарындай, тарап качып журушуптур тун жамынып десе, таза табам канмакта
+4
Manasasman
2014-08-26 14:36:36
Чынында бардак! Бул бийликке эл нааразы баары тескери болуп кетти. Эки бийликтен да ашып ото турган болду коз боёмочулуктар коп. Коррупцияга жамынып терс жактары кобурок болуп жатат. Чабактары кармалып чондору качып кетишти. Билип койсо болот эле ырайымсыздык кайталана берет бирок копко чыдабайт. Жараткан тенирим андайга жол бербейт да, эгер андай болсо адам зат жер жузундогу жашоосу эчак токтомок. Биздин арам тамак чондор и тажиктер да бирди корор. Буйруса.
+2
adiletaltynbek
2014-08-26 15:04:25
Кандай болгон кундо да даяр туралы туугандар,бийлигибиз алсыз,биз өзүбүз чыгышыбыз керек.кудай сактасын бирок минтип отурса бир нерсе бооуп кетиши мумкун
+1
josholu
2014-08-26 15:32:07
Жок дегенде бир зым тартып койгулачы,капчыгынар азайбайт деле го
+1
Nuri-Alina
2014-08-26 16:04:12
максат айылы тажкгизтандын ичинде таможныйдан отот
0
Ganibal87
2014-08-26 16:10:08
Чег ара кызматкерлерине раазылыгымды билдирем каттуу тургула азаматсынар а минерлерге еч ким ишенбей калды аскерлер елдерге ишенгиле арканарда биз турабыз чек араны мыйзамсыз кесип откондордун баарын аткыла!!
+1
gulbunai
2014-08-26 18:15:20
чек Арада жашо кийын бизда бир родом даги жок тажике кириб анан кайра кыргызстанга отобуз чоондор бизди жашо менен кызыкпайт бизде жашо оор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан