Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Анвар Артыков Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын коррупциялык ишин текшерүүгө тоскоол болуп жатканын айтты. Анын билдиришинче, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айрым адамдары дагы эле жогорку кызматтарда турушат.
“Мамбетовду жумуштан алууну мен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевден суранам. Ал киши учурда дирекциянын коррупциялык иштерин текшерген комиссияга өз таасирин тийгизип, тоскоолдук кылып жатат”,- деди Артыков.
Эл арасында аталган кызматка өтө көп нааразычылыктар болуп жатканын кошумчалады. “Шаарда мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат дагы ушул. Коррупцияга батып кеткен. Элдер ар кандай сын айтып, нааразы болуп жатышат”,- деди ал.