MegaCom кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

1989-жылы 23-сентябрда атайын мыйзам менен кыргыз тилине "мамлекеттик тил" деген макам ыйгарылган. Ошол күндөн тарта өлкө келечегине, улут казынасына кайдыгер карабаган мекендештерибиз үчүн, жалпы эле коомчулук үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ болуп келет. Эне тилибизди ыйык мурас катары муундан-муунга өткөрүп берген кезде гана биз улут катары сакталып калабыз. Тилибиздин баалуулугу тууралуу кеп учугун улай берсек, баяныбыздын учу-кыйырына көз жетпес.

Сөзүбүзгө аралжы, MegaCom улуттук мобилдик операторунун мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жүргүзүп жаткан иштерине учкай токтоло кетсек. Компания корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында тилди өнүктүрүү багытындагы бир катар иш-чараларга (долбоорлорго) колдоо көрсөтүп келет. Кыргыз улуттук ырларынын ноталар жыйнагын чыгарууга, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте мамлекеттик тилди окутууда мыкты сабактын иштелмесин иштеп чыгуу боюнча, мугалимдер арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоого, кыргыз тилин өнүктүрүүгө белсенген улан-кыздар ишке киргизип жаткан уникалдуу “Кыпкыргызча” интернет-ресурсун түзүүгө кошкон салымыбызды белгилей кетели. Тилибизди өнүктүрүү менен гана улутубуздун тарыхын, каада- салтын, санжырасын унутта калтырбай сактап калабыз. Себеби улут тили менен улут тарыхын бири-биринен бөлүп кароого болбойт эмеспи. 2013-жылдан тарта MegaCom Кыргызстандагы маалымат ресурстарынын бири менен өнөктөштүктө “Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы” долбоорун ишке ашырып келет.

Мындан тышкары компания жамаатынын ичинде да мамлекеттик тилди жайылтууга өзгөчө көңүл бурулган. Бүгүнкү күндө www.megacom.kg расмий сайтынан компания тууралуу маалыматтар, жаңылыктар менен кыргыз тилинде таанышууга болот. “Кыбыраган кыр ашат” демекчи, компаниянын иш кагаздарын кыргыз тилине которуу жолго коюлуп, көп улуттуу жамаатыбызда кесиптештерибизге кыргыз тилин үйрөтүү маселеси да каралган.

Учурдан пайдаланып, бардыгыңыздарды Мамлекеттик тил күнү менен дагы бир ирет куттуктап, орошон ойдун гүлүн терген акын агабыз Шайлообек Дүйшеевдин төмөндөгү ыр саптарын эске сала кетүүнү эп көрдүк:

Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил,

Уулуң дагы, кызың дагы жоголот, бил.

Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,

Колу-бутсуз мунжуга, тоголок бир!

MegaCom мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
basyz-kaman.
2015-06-05 01:23:42
Тилди өнүктүрөм десеңиздер, Бек Борбиевдин идеясын колдогула мегаком компаниясы.
0
st1m_
2015-06-05 10:27:44
Кыргыз тилин онуктуром десен орус тили расмий тил статусунан ажыратыш керек.Ансыз тилди онуктуром деп ооз толтуруп суйлогонун жон эле жомок. Элди патриоттуулукка тарбиялоо кажет. Болбосо башканын тилинеби кийиминеби тез оомо эл турбайбызбы.Жада калса парламентте докладды кыргыз тилинде даярдап кел деп айтканга акынар жок деп орус тилдуу депутаттар тораганы тытып койо жаздады го окмоттун отчетунда.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан