Мугалим – мөмөлүү дарак. Биздин ардактуу мугалимдер өмүрүн сүйгөн кесибине арнап, өспүрүмдөргө татыктуу тарбия, терең билим берүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенип келишет. Мугалим - талыкпас тарбиячы. Алар жаш муундарга таалим-тарбия берүү менен мамлекетибиздин келечегин бекемдеп жатышат. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынары белгилүү. Баарыбыздын башат-тамырыбыз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Андыктан адамдардын жан дилине илим-билим үрөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.
Урматтуу мугалимдер, сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө аманчылык, ардактуу ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!
Бар болгула, агай, эжекелер, бүгүнкү күндүн Дүйшөндөрү!
Кененирээк маалымат бул жерде: