Гонконгдо 100 миңдей жаран Кытай бийлигине каршы митинг өткөрүп жатат

Кытайда Гонконг бийлигинин отставкасын талап кылган жаштар 26-сентябрдан бери митинг өткөрүшүүдө. Алардын жалпы саны учурда 100 миңден ашканын бүгүн, 4-октябрда чет элдик ММКлар жарыялашты.

Бир аптадан бери жаштар Гонконг бийлигин отставкага кетирип, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Өкмөттү жактагандар менен экинчи тараптын ортосунда айрым учурларда катуу кагылышуу болуп жатат. “Акция катышуучулары 2017-жылы Гонконгдо өтүүчү жергиликтүү шайлоодо бийлик жетекчилери кызматка өз кишилерин алып келүүгө аракет жасап жатканына каршы. Жаштар "Кытай Гонконгдогу шайлоолорго талапкерлердин теңинен көбүн дайындоо комиссиясы бекитиши керек" деген мыйзамга каршы экенин айтышты. Шаардын азыркы жетекчиси Лёң Чун Ин "Бээжин 2017-жылкы шайлоодо талапкерлер атайын тандалат" деген оюнан баш тартпай турганын жана гонконгдуктардын бул акциялары мыйзамсыз болуп жатканын билдирүүдө. Жаштардын катарына “Occupy Central” оппозициялык кыймылы да кошулду. Эгерде талаптары аткарылбаса, акция улана берет”,- деп айтылат маалыматтарда. Айрым маалымат булактары “АКШ Кытайдын ички ишине аралашып жатат. Гонконгду Донбасстын абалына алып келүүнү көздөп жатат”, - деп жазып чыгышты. 

Эскерте кетсек, Гонконг - Кытайдын курамындагы өзгөчө статуска ээ болгон администрациялык аймак. Калкынын саны 7 миллиондон ашуун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан