Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына дагы 2 айым шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 28-октябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, алар ишкердин 200 миң сомун алуу максатында ушундай жолго барышкан. Учурда экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери жүрүүдө. Алардын бири 17-18 жашта болсо, экинчисинин жашы 32-33 чамасында.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалган болчу.