Тыңчылыкка шектелип жаткан Алтынбек Муралиев эки айга камакка алынды

Тыңчылыкка шектелип жаткан Алтынбек Муралиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен бүгүн, 4-ноябрда кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Буга чейин “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев кармалган. Азырынча анын кандай максатта, кайсы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат бергени айтыла элек.

Айта кетсек, Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mambetov88
2014-11-04 10:53:54
атадан кем уул деп ушуну айт
+1
myrza80
2014-11-04 10:59:05
Бул тынчылык кылгыдай бизде жашыруун деле эч нерсе калбаса керек,бийлик алмашкан сайын жашыруун нерселерди элге корсотуп жатышат.
-1
noname
2014-11-04 21:48:03
жашыра турган эчтеке деле жок чындыгында,буткул дуйно жузу билетко бизди
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан