Бишкекте өлтүрүлгөн оперкызматкерди абактан качып чыккан кылмышкер атканы айтылды

Бишкекте бүгүн кечинде өлтүрүлгөн оперкызматкерди абактан качып, издөөдө жүргөн Александр Сояпин аттуу жаран аткан. Бул тууралуу 14-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. 

Маалым болгондой, оперкызматкерлер абактан качкан жаранды кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, ок чыгарган. Натыйжада Бишкек ШИИББинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиев аттуу кызматкеринин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, ал окуя болгон жерден каза тапты. Ал эми А.Сояпин бутунан жаракат алып, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. 

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү жаран Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөн. Ага карата 336-берене ркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышкерди кармоого бардык күчтөр жумшалып, "кылмышкерди кармоо" операциясы жарыяланган. 

Эске салсак, оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок-Молдо - Шорин көчөлөрүнүн кесилишинен саат 17:20 чамасында атып кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zman53
2014-11-15 08:52:50
Бутунан жаракат алып кантип качып кетти?Оперкызматкерлердин начар даярдыгынан,ушундай окуя болуп жатат.
+3
emin
2014-11-15 09:05:19
Бутунан жаракат алган бир кылмышкер,оперди олтуруп качып кеткени тан калычтуу, калган оперлер эмне карап турушканбы?
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-11-15 11:08:31
Кайсы абактан качып чыкса ошол абактын жетекчилерин жоопко тартыш керек. Келесоодой жумуштарына шалаакы мамиле кылышып, коркунучтуу кылмышкерди качырып жиберип жаш жигитти жайран кылышты.
:-(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан