Бишкекте кечээ кечинде милиция кызматкери
Бакай Сыдыгалиевдин кылмышкер
Александр Сояпин тарабынан атылып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуяга күнөөлүү жаран кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Эскерте кетсек, кылмышкер оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок-Молдо - Шорин көчөлөрүнүн кесилишинен 14-ноябрда саат 17:20 чамасында атып, окуя болгон жерден
качып кеткен эле. Көп өтпөй колго түшкөн.
Сояпин Александр 1972-жылы туулган, Орусиянын жараны. Бир нече ирет соттолгон,
Камакта отурган жеринен качып кетип, октябрь айынан бери издөөдө жүргөн.