"Токмокто инкассатор унаасын карактаган" деп шектелип кармалган жаран кыйноого кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда маалымат жыйыны учурунда шектүүнүн жактоочусу Азамат Карасартов билдирди.
Анын айтымында, 17-ноябрь күнү 21 жаштагы Мирлан Букарбаев Токмокто болгон карактоо фактысына шектелип кармалган. Ишти моюнуна алдырыш үчүн тергөөчүлөр аны кыйнашкан.
“Мирлан Букарбаевди Чүй облустук жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери катуу кыйнашкан. Аны менен жолукканымда 3 жолу эсин жоготуп жыгылганын, колун жип менен таңып, башына пакет кийгизишкенин айтты. Кардарымдын эч кандай бул ишке катыштыгы жок. Ал Кыргыз улуттук университетинде 4-курста окуйт”,- деди Азамат Карасартов.
Буга чейин Токмокто жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатор унаасы тонолгону айтылган эле. Анда инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү куралды алып кетишкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каракталган акча бир канча май куюучу жайдын эки күндө тапкан кирешеси болгон.