Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө газ баллон жана электр мештери толугу менен таратылып бүттү

Ош шаарына Беларустан 5226 газ баллон жана электр мештери келген. Бүгүнкү күндө алар шаар ичиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө толугу менен таратылып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясынын аймактык кеңештердин иши боюнча башкы адиси Курмангүл Раимова билдирди.

Маалым болгондой, газ баллондор Ош шаарындагы 240 турмуш шарты начар жана муктаж үй-бүлөгө таратылды. Ал эми 3451 электр меши көп кабаттуу үйлөрдө жашаган аз камыз үй-бүлөгө берилди.

“Электр мештери менен газ баллондор Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген тизме менен I топтогу майыптарга жана жакыр үй-бүлөлөргө таратылып берилди”,- дейт К.Раимова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lintel
2014-12-02 12:21:03
Туура эмес колдонуп жарылбаса экен эми. Кыштан аман эсен чыксак экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан