Ош. Тил майрамына карата өткөн концертте ар улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде көркөм окууларды окуп, кыргыз ырларын ырдашты

Кечээ, 1-декабрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө мамлекеттик тилден башталат” аттуу гала-концерт уюштурулду. Концертте ар улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде көркөм окууларды окуп, кыргыз ырларын ырдашып, кыргыз бийлерин бийлешти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик тилге арналган иш-чарага облус башчы, КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Салтанаттуу иш-чарада облус башчы Сооронбай Жээнбеков тил майрамына карата куттуктоо сөзүн айтып, өкүлчүлүктүн атынан мамлекеттик тилге арналган кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан