Бүгүн, 3-декабрда Бүткүл дүйнөлүк майыптардын күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун "Дыйкан" түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Азиздер жана дүлөйлөр коомунда 37 майып эмгектенет. ӨКМ тарабынан ар бир кутуда 5 адамга же бир үй-бүлөгө ылайыкташтырылган 37 өздүк гигиена кутучасы жана 37 даана жылуу төшөк сыяктуу гуманитардык жардамдар берилип, анын суммасы 72 527 сомду түздү.
Айта кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын ушундай жардамдарды берип турат.