Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 3-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 4-декабрда саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарындагы Тынчтык кең көчөсүндөгү №34-көп кабаттуу үйдө, Асаналиев, Красная, Тыныбеков, Леваневский көчөлөрү менен чектешкен чарчыда, Рухий-Мурас конушунда үй ичиндеги тармактарынын оңдолушуна, “Западная” көмөк чордондон тараган 6 кВт электр чубалгыларынын жана “Туңгуч” көмөк чордонунун оңдолгонуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Ошондой эле “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу Манасчы Сагымбай, Токтогул, Осмонкул, Шүкүров, Карасаев, Элебаев, Суванбердиев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө, Найманбаев, Нежинский, Анарчинский тар көчөсүндө, Жамгырчиев, Средняя, Кайназарова, Стадион, Тираспольская, Сарыкулаков, Красноводский, Литвинов, Интергельпо, Пишпекская, Дмитров, Январская көчөлөрүндө, Гатчинский, Тираспольский тар көчөлөрүндө жарык өчөт. 

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Центральная көчөсүндө) шаарында, Фёдоровка, Жон-Арык, Жекен айылдарында, Москва районуна караштуу Садовая, Кызыл-Моло айылдарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан