Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында уюштурулуп жаткан бир айлыктын алкагында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Балдардын психоневрологиялык диспансерине жакындан жардам көрсөтүп кайтышты. Бул тууралуу 3-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттар өз каражаттарына күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар менен ар кандай шириндиктерди тапшырып, тарбияланып жаткан балдардын маанайын көтөрүштү. Ошондой эле диспансердин алдына бир түп балатыны жакшы тилек-ниетте балдар менен бирге отургузушту.
“20 миң сом акча топтоп, аталган диспансерге жардам көрсөтүп кайттык. Ушундай атуулдук парзын аткарууну активдүү шаар тургундары да колго алышса дейбиз. Чынында, "өкмөт жасасын" деп кол куушуруп отуруу да туура эмес, биз барган Балдардын психоневрологиялык диспансеринде көйгөйлөр жетишерлик экенине күбө болдук”,- деди Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Сайдилла Чимбердиев.