Кара-Суудагы дүлөй балдардын мектеп-интернатында кайрымдуулук акциясынын алкагында концерт өттү

Кыргызстандын түштүк аймагындагы өкмөттүн өкүлчүлүгү тарабынан 3-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы №5-дүлөй балдардын мектеп-интернатында кайрымдуулук акциясынын алкагында концерт өткөрүлдү. Эл аралык майыптар күнүнө карата уюштурулган иш-чарада Д.Сыдыков КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин атынан куттуктоо сөзүн айтып өттү. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жылуу кийимдерди, ноутбук, принтерлерди белек кылды. Кайрымдуулук акциясынын соңунда мектеп-интернаттын тарбиялануучулары концерттик программаны тартуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан