Ошто мектептерде кышкы сезондук оорулардын алдын алуу максатында каникулдардын жаңы графиги жарыяланды. Жазгы каникул күндөрүнүн (3 күн) жана 2015-жылдын 29-майына чейин (4 күн) окутууну улантуунун эсебинен 2014-жылдын 29-декабрынан баштап 2015-жылдын 18-январына чейин (20 күн) окуучулардын кышкы каникулунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 16-октябрындагы билим берүү мекемелеринин каникулдардын жаңы графиги жөнүндөгү буйругунун негизинде түзүлдү.
Кошумчалай кетсек, былтыркы окуу жылында кышкы каникул 2013-жылдын 31-декабрынан 2014-жылдын 15-январына чейин болгон.