Бишкекте окуучулардын каникулу 21 күнгө, ал эми студенттердики 1 айга созулат

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин кышкы каникулунун графиги жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Графикке ылайык, борбордогу мектеп окуучулары 2014-жылдын 29-декабрынан 2015-жылдын 18-январына чейин кышкы каникулга чыгышмакчы. Ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери кышкы каникулга 2015-жылдын 1-январынан 31-январына чейин эс алышат. 

Белгилүү болгондой, бул график КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 16-октябрындагы №832-буйругуна ылайык, билим берүү мекемелеринин каникулдардын жаңы графиги жөнүндөгү буйругунун негизинде түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан